• Башкы бет
  • Кыргызстанда эмне үчүн ысык болууда? Синоптиктердин жообу кандай?
10:58, 2022-ж., 18-январь

Кыргызстанда эмне үчүн ысык болууда? Синоптиктердин жообу кандай?

Кыргызстанда эмне үчүн ысык болууда? Синоптиктердин жообу кандай?

Атмосферанын жогорку катмарында — тропосферада кыш мезгилинде боло турчу температурага салыштырмалуу бир кыйла жылуу аба үстөмдүк кылган.

Кыргызгидромет  билдиргендей, кыш мезгилинде атмосферанын жогорку катмарында антициклондук процесстер, жогорку басым, абанын төмөнкү температурасы үстөмдүк кылышы керек.

«Бирок быйылкы кышта декабрь айынын башынан январдын ортосуна чейин Борбордук Азиянын түштүк-батышынан келген жылуу аба массасы басымдуулук кылды. Ошондуктан республика боюнча абанын температурасы жылуу болгону байкалды. Бир аз жаан жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кар жааган, бирок кардын калыңдыгы жана көлөмү нормадан аз болду», - деп билдирди синоптиктер.

17-январдан тарта Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, 18-19-январда кар жаашы күтүлөт.

«Божомолго ылайык, жаан-чачын күтүлбөйт, бирок абанын төмөнкү температурасы сакталат: түнкүсүн -8, күндүз максимум +5. Жазга карата так божомол жок. Февраль айында абанын температурасы нормага жакын болуп, жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт, түштүктө жана Ысык-Көл облусунда абанын температурасы нормадан 1-2 градуска жогору болушу күтүлөт», - дейт синоптиктер

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...