• Башкы бет
  • Испаниянын полициясы Кыргызстандын тургунун эл аралык издөөгө берди
10:55, 2022-ж., 18-январь

Испаниянын полициясы Кыргызстандын тургунун эл аралык издөөгө берди

Испаниянын полициясы Кыргызстандын  тургунун эл аралык издөөгө берди

Кыргызстандын тургуну жана анын жашы жете элек кызы Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынганын ИИМдин басма сөз кызматы 17-январда билдирди.

Испаниянын укук коргоо органдары кыргызстандык 50 жаштагы Круглова Эльмира Ревовнаны (Шакирзянова Эльмира Ревовна) жана анын 13 жаштагы кызы Каролина Динара Сальгадо Круглованы издеп жатат. Аял Испаниянын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси («Үй-бүлөгө каршы кылмыш/адам уурдоо») боюнча шектелип, өспүрүм дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

Испаниянын күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык аял 2016-жылы кызын Барселонадан мыйзамсыз жол менен алып чыгып кеткен. Ошондон бери алар кайда экенин жашырып келишет.

Буга байланыштуу ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу издөөдө жүргөндөрдүн кайда экенин билген же алар тууралуу маалыматы бар бардык адамдарды 0 (312) 66-45-48 жана 0 (312) 66-06-96 телефон номурларына билдирүүнү өтүнөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...