• Башкы бет
  • Ысык-Көл облусунда карышкыр менен чөөлөр массалык түрдө атылып жатат
13:49, 2022-ж., 17-январь

Ысык-Көл облусунда карышкыр менен чөөлөр массалык түрдө атылып жатат

Ысык-Көл облусунда карышкыр менен чөөлөр массалык түрдө атылып жатат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айыл аймагында мергенчилер чөөлөргө каршы күрөштү улантышууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Марат Өмүрбеков билдирди.

«Жаргылчак айыл аймагынын тургундары чөөлөрдү атууга жардам берүү өтүнүчү менен аңчылар коомуна кайрылышкан. Алардын аймагында чөөлөр көбөйүп, малга кол сала башташты. Ишемби күнү, 15-январда мергенчилер жырткычтарга аңчылык уюштуруп, 10 чөө кармадык. Иш-чарага кырктан ашуун мергенчилер катышты. Чарчаган мергенчилерге даамдуу түшкү тамак уюштуруп, айыл өкмөт өкүлдөрү чоң жардам көрсөтүштү», - деди ал.

Мергенчилер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусунун ушундай эле практикасы 2021-жылы оң натыйжаларды берди. Ысык-Көл облусунда 25 карышкыр жана 90 чөө жок кылынса, 2022-жылдын башында 12 карышкыр жана 29 чөө жок кылынлы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...