• Башкы бет
  • Ошто 6 ымыркайдан коронавирус аныкталды
13:40, 2022-ж., 17-январь

Ошто 6 ымыркайдан коронавирус аныкталды

Ошто 6 ымыркайдан коронавирус аныкталды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө COVID-19 илдетине чалдыккан 18 кош бойлуу аял дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыгып, көз жарган энелердин ымыркайларынан да аталаган илдет аныкталууда.

«Ош шаары жана Ош облусунун райондорунан коронавирус илдетине чалдыккан жалпы 18 кош бойлуу аял дарыланып жатат. Алар неонатолог, пульмонолог, акушер-гинеколог жана балдар дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат. Энелерден аныкталган вирус алардын ымыркайларынан да чыгып жатат. ПЧР тестинен оң жыйынтык чыгып, 6 ымыркайдан коронавирус аныкталды. Кош бойлуу аялдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, дарыланууну улантышууда», - деди Шаятбек Абдурахманов.

Ал Ош шаары жана Ош облусунда эпидемиологиялык абал кайрадан курчугандыктан облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү COVID-19 илдетине кабылган кош бойлуу, жаңы төрөгөн аялдарды ымыркайлары менен бирге кабыл алууну баштаганын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...