• Башкы бет
  • Ош шаарында өткөн жылы жол кырсыгынан 740 адам жаракат алды
11:37, 2022-ж., 15-январь

Ош шаарында өткөн жылы жол кырсыгынан 740 адам жаракат алды

Ош шаарында өткөн жылы жол кырсыгынан 740 адам жаракат алды

Ош шаарында былтыркы жылы жол кырсыктардын кесепетинен 740 адам жаракат алып, 19 адам каза болду. Бул тууралуу ШИИБдин кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-январда аталган кызматта жыл жыйынтыгын чыгаруу жана кийинки жылга коюлган пландар боюнча жыйын өттү.

«Президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын, ички иштер министри У.Ниязбековдун ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында коюлган тапшырмаларын аткаруу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков, милициянын полковниги Уткир Умаров жана милициянын полковниги Талант Досовдон турган топ Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгул кызматына барып, кызматкерлер арасында жыл жыйынтыгын чыгарып жана жаңы 2022-жылга карата аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо боюнча кезектеги жыйын өткөрүштү.

Анда маалым болгондой, Ош шаарынын аймагында 549 жол кырсыгы катталып, аталган кырсыктардын кесепетинен 19 жаран каза болгуп, 740 жаран жабыркаган. Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан 153 жол кырсыгы катталып, 2 өспүрүм каза болгон. Жол кырсыктардын кесепетинен 179 өспүрүм жабыркаган», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...