• Башкы бет
  • Ошто унаа менен кыз ала качып бара жаткандар кармалды
15:23, 2022-ж., 14-январь

Ошто унаа менен кыз ала качып бара жаткандар кармалды

Ошто унаа менен кыз ала качып бара жаткандар кармалды

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Окуя 10-январда саат 20:30 чамасында болгон.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Бишкек—Ош унаа жолунун 642-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылында Ош облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы батальонунун кызматкери тарабынан «Дэу Тоска» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн токтотулуп, документтерин текшерүү учурунда унаанын ичинен аял кишинин ызы-чуу салып жаткан үнү угулган.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери унааны текшерүүгө алганда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну — 2003-жылы туулган А.К.ны күчкө салып, Сузак районунан Ош облусунун Ноокат районуна аталган райондун 1982-жылы туулган тургуну К.Ж. жана 1992-жылы туулган К.уулу И. ала качып бара жатышканы аныкталган.

Бул окуя боюнча иш Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобуна өткөрүлүп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Автоунаа айып короого токтотулуп, кыз ала качууга шектелген үч жаран кармалып, Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен алынган видеотасмада шектүү жигиттердин бири ортого адамдар түшүп, үйлөнө турган жигиттин сүрөтүн жөнөтүшкөнүн айтканын көрүүгө болот. Ал бул түрк элинин салты экенин айткан. Ал эми унаадагы кыз анын эркине каршы алып бара жатышканын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...