• Башкы бет
  • "Чынар терек 200 жыл жашаган": Ош шаарындагы 2 кылымды көргөн терек
11:27, 2022-ж., 13-январь

"Чынар терек 200 жыл жашаган": Ош шаарындагы 2 кылымды көргөн терек

"Чынар терек 200 жыл жашаган": Ош шаарындагы 2 кылымды көргөн терек

Кыргызстандын экинчи калаасы болгон Ош шаары тарыхы боюнча Рим шаарына жашташ. Бул калаа Улуу Жибек жолунун томунда жайгашып, чыгыш менен батышты бириктирген байыркы калаа катары тарыхта белгилүү. Мындай байыркы шаарда кылым жашаган дарактар бар. Алсак, калаадагы Манас-Ата аймактык башкармалыгында 2 кылым жашаган чынар теректин дале болсо бой керип турганы шаардын жаңы муунун таң калтырып келүүдө.

Биз сөз кылып жаткан теректин диаметри 4,5 метрди түзөт. Теректин тарыхын билгендер аны 2 кылым мурун эле бар экенин айтышса, айрымдары улуу муундардан уккан кебин саймердирешет.

Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын 56 жашта тургуну Мухабба Жамалова мурун чынар теректин тарыхына кызыгып көргөн. 2010-жылдан мурун 80 жаштагы аксакал аталган чынар теректи анын чоң атасынын атасы эккенин айткан.

«Ал чынар терек боюнча билбегендер жок болсо керек. Теректин айланасы азыр эс алуучу жай болуп калды. Мурунку мэрлердин тушунда чынар теректин айланасы тосулуп, жашылдандырылып, отургучтар орнотулду. Чындыгында чынар теректин көлөкөсү да салкын, башкача болот. Депрессия, стресске түшкөн убакта келсең кадимкидей эч алып каласың. Ал жайда ар убак улуу муундун өкүлдөрү сүйлөшүп отурганын көрөм. Жаштар да барып отуруп калышат», - деди ал.

Чынар теректердин тамырлары да кенен кулач жайган. Мухабба Жамалованын үйү чынар теректен алыс эмес жайда жайгашкан. Ал үйүндө чынар терек экпегени менен, бирок терек өзү өсүп чыккан.

«Чынар теректердин тамыры кенен кулач жаят деп уккам. Мен өзүм чынар терек эккен эмесмин. Менин үйүм чынар теректен алыс эмес жерде жайгашкан. Балким ошонун тамырынанбы же башкаданбы үйүмдөн чынар теректер өсүп чыккан. Ошол тамыры кенен кулач жайгандыгы үчүн дагы кылымдар бою турат болушу керек. Айтор бул теректин шактары Ош коогалаңында күйүп кеткен. Бирок кийин кайра өзүн оңдоп алды. Азыр дагы деле көптөгөн адамдарды ысык аптаптан сактап жатат», - деди ал.

Жамалова билдиргендей, аталган чынар теректин жашы 2 кылымга чамалуу. Ал 2010-жылкы коогалаңда тарыхына кызыгып көргөн.

«2010-жылдан мурун бул чынар теректердин тарыхына кызыгып, макала даярдадым эле. Ошондо 80 жаштагы 2 аксакалдан сураган элем. Алардын айтымында, чынар теректи алардын чоң атасынын атасы эккен. Алар ошол убакта 80 жашта болгондо бул теректин жашы 2 кылымга чамалуу болуп калса керек», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...