• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттин төрагаларын шайлашты
11:03, 2022-ж., 13-январь

Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттин төрагаларын шайлашты

Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттин төрагаларын шайлашты

Жогорку Кеңеш экинчи жолу жабык добуш берүү аркылуу сегиз комитеттин төрагаларын шайлады.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди, ал эми бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу Тазабек Икрамовду көрсөтүп, көпчүлүк Акаевдин талапкерлигин колдоду.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы үч комитетке талапкер көрсөтүп, үчөө тең шайланды.

Бакыт Сыдыков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин, Данияр Төлөнов Финансы жана фискалдык саясат комитетинин, Азиз Турсунбаев Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагалары болуп шайланды.

"Ишеним" фракциясынын эки депутаты эки комитетти жетектейт.

Медербек Аалиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин, Сүйүн Өмүрзаков Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы.

"Ыйман Нуру" фракциясынан Динара Ашимова Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрайымы болду.

Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин башчылыгына "Элдик" топтон Аманкан Кенжебаева келди. Бул комитетке "Ынтымак" фракциясы Балбак Түлөбаевди көрсөтүп, көп өтпөй аны кайра кайтарып алган.

Жогорку Кеңеш биринчи добуш берүүдө жыйынга катышпаган эки депутат ишеним кат аркылуу добуш бергендиктен, төрагаларды кайра шайлады.

12-январдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин түзүмү бекитилип, үч вице-спикери шайланган.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...