• Башкы бет
  • Орусиядагы мигранттар айдоочулук күбөлүктөрүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат
10:59, 2022-ж., 13-январь

Орусиядагы мигранттар айдоочулук күбөлүктөрүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат

Орусиядагы мигранттар айдоочулук күбөлүктөрүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат

Орусияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктар 17-январдан баштап айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу.

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлө турганын маалымдады.

Кабыл алууга жазылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине катталуу керек.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда жарактуу, мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер арбын.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...