• Башкы бет
  • Ош облустук балдар ооруканасында 40 бош орун бар
10:56, 2022-ж., 13-январь

Ош облустук балдар ооруканасында 40 бош орун бар

Ош облустук балдар ооруканасында 40 бош орун бар

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында 40 бош орун бар. Бул тууралуу аталган оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кутпидин Бекажиев билдирди.

  • Кечээ, 11-январда социалдык тармактарга балдар ооруканасында ата-энелер балдарын ооруканага киргизип, дарыгерге көрсөтүү үчүн кезек күтүп турган учурда тартылган видео тараган. Видеонун автору «оорукана 540 орунга ылайыкташтырылган, бирок кичинекей бейтаптарды кабыл албай жатышат» деп жарыялаган.

Кутпидин Бекажиевдин айтымында, кезек күтүү жаш балдар арасында оору күч алган убакта дайыма эле болуп келет.

«Кезек күтүү биздин ооруканада дарыгерлердин аздыгынан же бош орундуктардын жоктугунан эмес. Болгону кезекти келген ата-энелер өздөрү жаратат. Кезек күтүүнүн дагы бир себеби, 1 жаш бала ооруса, аны 4-5 адам коштоп келип алат. Ар бир ооруган жаш баланы 2-3 же 4-5 адам коштоп келсе, кезек күтүү жаралат да. Ошентип кайра биздин кызматкерлерибиздин ишине тоскоолдук жаратууда. Азыр эми аралыкты сактагыла же жаш бала менен ата-энеси эле калып, калгандар сыртта күтө тургула десек эле телефонун алып, видеого тартып, социалдык тармактарга жайылтып жатат. Саат 15:00гө карата 2 бейтап эле турат кезекте. Учурда бизде 40 орун бош турат. Алар тез жардамга муктаждарга даяр. Азыр эми бизде пневмония менен ооруган 80 жаш бала бар. Алардын көпчүлүгү 1 жашка чейинкилер», - деди Кутпидин Бекажиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...