• Башкы бет
  • Ош облусунда ата-энеси жок 5 балага жер берилди
10:55, 2022-ж., 13-январь

Ош облусунда ата-энеси жок 5 балага жер берилди

Ош облусунда ата-энеси жок 5 балага жер берилди

Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жана ата-энеси жок балдардын мүлккө болгон укуктарын прокурордук көзөмөлдүк чаралар менен камсыз кылуу боюнча жумуш алып барылууда. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Өзгөн районунун Дөң-Булак жана Кароол айыл өкмөттөрүндө бул маселе боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө турак жайы жок, жашы жете элек ата-энесиз балдар — А.Б., Т.Ө., М.А., Т.Б. жана Ж.З. турак жай менен кезексиз түрдө камсыз болушпай, Балдар жөнүндөгү кодекстин, турак жай жана жер жөнүндө мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталды.

«Бул бузууларды четтетүү максатында 2021-жылдын 4-кварталында Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Дөң-Булак жана Кароол айыл өкмөттөрүнүн башчыларына ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндө сунуштама келтирилген. Жыйынтыгында аталган айыл өкмөттөрдүн токтомдору менен келечекте турак жай куруу үчүн жогорудагы жашы жете электерге 0,06 га аянтындагы жер тилкелери ажыратылып берилип, тийиштүү укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздары даярдалууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...