• Башкы бет
  • "Омикрон" штаммы "дельта-штаммдан" эмнеси менен айырмаланат?
10:48, 2022-ж., 13-январь

"Омикрон" штаммы "дельта-штаммдан" эмнеси менен айырмаланат?

"Омикрон" штаммы "дельта-штаммдан" эмнеси менен айырмаланат?

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб коронавирустун жаңы штаммы — «омикрон» тууралуу маалымат берди.

Анын «дельта-штаммдан» айырмасы:

- мутациясы көп,

- тез жугат, адамдар көп болгон имараттарда жугуу ыктымалдыгы жогору.

Япониялык окумуштуулардын айтымында, «омикрон» «дельтага» караганда 4,2 эсе тез тарайт.

Социалдык аралыкты сактоо жана бет кап колдонуу вирусту жуктуруу ыктымалдыгын азайтат. Бирок, ооруп жаткан адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу, вирус жуктуруу ыктымалдыгын жогорулатат.

«Омикрондун» белгилери вирусту жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билинип баштайт. Бирок, «омикрон-штаммды» тез жайыла турганын эске алганда, коронавирустун «омикрон-штаммын» жуктурган адам менен байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилери пайда болушу мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...