• Башкы бет
  • "Калмарь оюндары" тасмасынын каарманы "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болду
14:19, 2022-ж., 11-январь

"Калмарь оюндары" тасмасынын каарманы "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болду

"Калмарь оюндары" тасмасынын каарманы "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болду

Түштүк Кореялык актер О Ён Су «Кальмар оюндары» тасмасындагы ролу үчүн “экинчи ролдогу мыкты актер” категориясы боюнча «Алтын глобус» сыйлыгын алды.

77 жаштагы О Ён Су бул абройлуу сыйлыкка татыган алгачкы түштүк кореялык актер болуп калды.

«Сүйүнүчтүү кабарды укканда, алгач жолу өзүмө "мыкты адаммын" деп ыраазы болдум" , - деди ал.

«Кальмар оюндары» сериалы былтыр Netflix компаниясынын эң көп көрүлгөн долбоору болгон.

Быйыл «Алтын глобус» сыйлыгын ыйгаруу аземи өтө жупуну өттү. Буга көп режиссерлордун жана киностудиялардын салтанатка катышуудан баш тартышы түрткү болду.

Алар уюштуруучуларды расизмге жана сексизмге айыпташууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...