• Башкы бет
  • Өзгөн РЭТтин башчысы 5 млн сом күрөө менен бошотулду
13:57, 2022-ж., 11-январь

Өзгөн РЭТтин башчысы 5 млн сом күрөө менен бошотулду

Өзгөн РЭТтин башчысы 5 млн сом күрөө менен бошотулду

Өзгөн райондук электр тармактары ишканасынын жетекчисинин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Ал 5 млн сом күрөө менен бошотулганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

  • Өзгөн райондук электр тармактары ишканасынынбашчысы Ж.А. 2021-жылдын 31-декабрь күнү кармалганы маалым болгон. Ал Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын токтому менен 2022-жылы 1-январда Ош облустук прокуратурасынын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылып, 1 айга, тактап айтканда 30-январга чейин камакта калтырылган. Ушул эле токтом менен жактоочунун шектүү Ж.А.нын пайдасына күрөөнүн суммасы жана аны төлөө мөөнөтү боюнча өтүнүчү канааттандырылып, күрөөнүн суммасы 50 000 эсептик көрсөткүч, тактап айтканда 5 000 000 сом деп белгиленген.

Жактоочунун өтүнүчүн кароодо сот Жазык-процесстик кодекстин 112-беренесинин 3-бөлүмүндөгү талаптарды карады. Камакта кармоо, күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү сот тарабынан же көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн.

4-январда жактоочу тараптан шектүү Ж.А.нын баш коргоо чарасын камак түрүнөн күрөө менен бошотуу түрүнө өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирилген. Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын токтому менен аталган өтүнүч канааттандырылган. Шектүү Ж.А. 5 млн сом күрөө менен бошотулган. Ага кайрылуунун негизинде мамлекеттин эсебине күрөө төлөө керектиги айтылган.

Жактоочунун шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн аткаруу Жазык-процесстик кодекстин 112-беренесинин 3-бөлүмүнүнө ылайык уруксат берилди. Тактап айтканда, күрөөнү атайын банк эсебине которгон учурда, шектүүнүн жана анын жактоочусунун суранычы боюнча өтүнүч түшкөн убактан баштап тергөө судьясы 24 саат, ал эми сот 5 сутканын ичинде сот отурумунда баш коргоо чарасын өзгөртүүгө уруксат берет.

Ал эми күрөөнүн суммасын белгилүүдө тергөө судьясы келтирилген зыяндын көлөмүн, кылмыштын оордугунун деңгээлин жана шектүүнүн өздүгүн эске алды. Айыптоодо көрсөтүлгөндөй, кылмыш бир нече адам тарабынан жасалган. Ошондой эле шектүү буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Буга байланыштуу күрөөнүн суммасы 5 млн сом деп белгиленип, шектүүнүн туугандары тарабынан берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...