• Башкы бет
  • Чүйлүк аялдан Стивенс-Жонсон синдрому аныкталды
13:53, 2022-ж., 11-январь

Чүйлүк аялдан Стивенс-Жонсон синдрому аныкталды

Чүйлүк аялдан Стивенс-Жонсон синдрому аныкталды

Чүй облустук ооруканасына жеткирилген 73 жаштагы жарандан (аял киши) Стивенс-Жонсон синдрому аныкталды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине ооруканадан билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматына таянсак, бейтап дароо 4 даана бромгексин (таблетка) ичип, анын артынан спирт ичимдигин ичкен.

«Аллергиялык реакция пайда болгон. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бардык медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Ал тери-венерологиялык диспансерге которулду», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Стивенс-Жонсон диагнозу сейрек кездешүүчү оору экени белгиленет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...