• Башкы бет
  • Президент Казакстандакармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов боюнча пикирин билдирди
09:57, 2022-ж., 10-январь

Президент Казакстандакармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов боюнча пикирин билдирди

Президент Казакстандакармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандын күч органдары тарабынан кармалганына байланыштуу өз пикирин билдирди.

Жапаровдун билдирүүсү (өзгөртүүсүз берилет):

«Урматтуу Кыргызстандыктар!

Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.

Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.

Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү».

Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Видеодогу адам Алматыга митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге алмак экенин билдирген.

Кийинчерээк видеодогу адам кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, ал байма-бай Казакстанга гастролдоп турары белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...