• Башкы бет
  • Казакстандагы башаламандыктарда 164 адам каза болду
09:53, 2022-ж., 10-январь

Казакстандагы башаламандыктарда 164 адам каза болду

Казакстандагы башаламандыктарда 164 адам каза болду

Казакстандагы баш аламандыктын кесепетинен 164 адам каза болду, деп билдирди казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен.

Каза болгон адамдардын көбү Алматы шаарында катталды. Ал жакта 103 киши көз жумган, алардын экөө жаш балдар.

Кызыл-Ордо облусунда 21 адам каза болду. Жамбыл облусунда 10 адам көз жумса, Алматы облусунда 8 киши дүйнө салган.

Кийинчерээк Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги баш аламандыктан улам 164 адам каза болду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу өлкөдөгү интернет начар иштеп жатканына байланыштуу жарыяланбай калган жана каза болгон адамдардын саны жөнүндө маалыматты өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес», - деп жазды «Орда» басылмасы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...