• Башкы бет
  • Казакстанда "Эл тиреги" партиясынын төрагасы кармалды
12:35, 2022-ж., 8-январь

Казакстанда "Эл тиреги" партиясынын төрагасы кармалды

Казакстанда "Эл тиреги" партиясынын төрагасы кармалды

Казакстанда расмий түрдө катталбаган «Эл тиреги» партиясынын төрагасы Нуржан Алтаев жана анын орун басары — Тажик-афган ардагерлер союзунун башчысы Мурат Мухамеджанов укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

«KazTAG» жалпыга маалымдоо каражаты билдиргендей, алар 15 суткага камакка алынды.

3-январда Казакстанда расмий түрдө катталбаган Демократиялык партия жана «Эл тиреги» партиясынын тарапташтары Алматы жана Нур-Султан шаарларында Мангистау облусундагы митингчилерди колдоп чыгышкан.

Нуржан Алтаев — «Нур Отан» партиясынын мурдагы мүчөсү. Соңку парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кирген эмес. Андан соң партия түзөрүн жар салган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...