• Башкы бет
  • Казакстан: Алматыда куралчан адамдар кармалды
12:33, 2022-ж., 8-январь

Казакстан: Алматыда куралчан адамдар кармалды

Казакстан: Алматыда куралчан адамдар кармалды

7-январда Алматыдагы Аль-Фараби проспектиси менен Малая Желтоксандын кесилишинде полиция куралчан адамдар бара жаткан «BMW» унаасын тосконун кырдаал борборунан билдиришти.

«Унаада 1990 жана 1998-жылы туулган эки эркек болгон. Аларды тинтүү учурунда тапанча жана бычак табылган», - деп айтылат маалыматта.

Дагы бир топту милиция кызматкерлери шаардын Медеу районунан кармашкан. Анда куралчан адамдар жашынган батир аныкталган. Атайын операциянын натыйжасында беш киши кармалды. Алардан патрондору менен «Сайга» мергенчилик мылтыгы, резина жана темир таякча (дубинка), бензин куюлган беш литрлик эки идиш, алтын буюмдар алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...