• Башкы бет
  • Казакстан: Нур-Султанда полиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
09:55, 2022-ж., 7-январь

Казакстан: Нур-Султанда полиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Казакстан: Нур-Султанда полиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Казакстандын борборунда полиция жана башка күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Шаардагы абал боюнча маалымат берген аким Алтай Көлгинов деструктивдүү күчтөрдүн чакырыктары Нур-Султанда да байкалууда, деп билдирди. Бардык фактылар укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп жатат, дейт шаар башчысы. Ал калкты эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

- Шаарда тартип орнотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам штаб иштеп жатат.

- Коомдук транспорттор, банктардан жана калкты тейлөө борборлорунан башка бардык объектилер штаттык режимде иштөөдө.

- Борбордо өзгөчө абал режими жана саат 23:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...