• Башкы бет
  • Казакстандагы башалмандыктан каза болгондордун саны 18ге жетти
09:50, 2022-ж., 7-январь

Казакстандагы башалмандыктан каза болгондордун саны 18ге жетти

Казакстандагы башалмандыктан каза болгондордун саны 18ге жетти

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстандагы баш аламандыктан улам каза тапкандардын саны 18 адамга жетти. Андан тышкары 748 адам ар кандай жаракат алганын «ORDA» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирди.

Казакстанда 2—январдан тарта уланып жаткан нааразычылык акциялары учурунда жалпы 2298 адам кармалган.

  • Учурда өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режими бар.

Андан тышкары Алматынын комендатурасы башы алынган эркек кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Азырынча канча жөнөкөй жаран жаракат алганы же каза болгону тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Казакстан боюнча полициянын жана Улуттук гвардиянын 12 кызматкери көз жумганы айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...