• Башкы бет
  • Өзгөн районунда 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
09:46, 2022-ж., 7-январь

Өзгөн районунда 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөн районунда 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Рысбай Конкошев атындагы жаңы курулушу аяктаган мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Башкы прокур К.Зулушев,  Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Жумаев, белгилүү тарыхчы-журналист К.Молдокасымов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Раматов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

«Жаңы мектептин имараты заманбап типте курулуп,  375 окуучуга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 66 млн сомду түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Аталаган айылда окуучулар жаңы мектептин курулушу пайдаланууга берилгенге чейин почта кызматынын имаратында, үй-үйлөрдө, акыркы убакта онлайн режиминде окуп жатышкан. Учуржа бул мектептин химия бөлмөсү, коомдук иштерди өткөрүү үчүн 216 орундуу бөлмөсү, суусу, канализациясы бар. Ошондой эле мектепке залкар акын, белгилүү адабиятчы, публицист, сынчы Салижан Жигитовдун бурчу уюштурулган.

Мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Ош обулсунда ушуну менен 6-мекетп пайдаланууга берилүүдө. Жалпы облус боюна 540 мектеп бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...