• Башкы бет
  • Алматы аэропортундагы антитеррордук операциянын жүрүшүндө эки аскер кызматкери каза болду
09:40, 2022-ж., 6-январь

Алматы аэропортундагы антитеррордук операциянын жүрүшүндө эки аскер кызматкери каза болду

Алматы аэропортундагы антитеррордук операциянын жүрүшүндө эки аскер кызматкери каза болду

Алматы аэропортундагы антитеррордук операциянын жүрүшүндө Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн эки аскер кызматкери каза болгону маалымдалды, деп жазат «Zakon.kz».

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев видеокайрылуусунда Алматы аэропорту жана 5 учак, анын ичинде чет элдик учактар ​​басып алынганын билдирген.

Казакстанда 5-январдагы нааразылык акцияларында Алматы аэропорту басып алынып, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

Көптөгөн өлкөлөрдөн Алматыга каттамдар токтотулду. Казакстандын ичиндеги аба каттамдары да токтотулган.

Казакстанда жекшембиде суюлтулган газдын кымбатташына каршы массалык нааразычылык акциялары башталды. Митингдер Жаңыөзөндө (Казакстандын батышындагы Мангистау облусундагы шаар) башталып, андан соң башка шаарларда уланган. Нааразычылык акцияларынан улам казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...