• Башкы бет
  • Алматыда коменданттык саат киргизилди
09:21, 2022-ж., 5-январь

Алматыда коменданттык саат киргизилди

Алматыда коменданттык саат киргизилди

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында Алматыда коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгонун казак бийлигинин akorda.kz сайты маалымдады.

Мунун алдында Токаев өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Атайын режимдин мөөнөтү 5-январда 1:30дан баштап, 19-январдын түнкү саат 00:00нө чейин уланат.

Ал эми Алматыдагы коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

Мурдараак Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү Казакстандын акцияга чыккандар тарабай турушат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашууда. Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...