• Башкы бет
  • Казак полициясы ондогон жаранды кармап кетти
09:16, 2022-ж., 5-январь

Казак полициясы ондогон жаранды кармап кетти

Казак полициясы ондогон жаранды кармап кетти

5-январга караган түнү казак полициясы Нур-Султандагы Артем базарынын жанында чогулган ондогон кишини кармап кетти. Бул тууралуу  бир катар ЖМКлар окуяга күбө болгон  кабарчыларына шилтеме берүү менен  жазышууда. Алар кармалгандардын саны 200дөй экенин, бирок полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин канча киши кайра бошотулганы белгисиз болгонун айтты.

Кабарчылар ОМОН менен митингчилер тирешип, полиция чогулгандарды күчтөп, аёосуздук менен салып кеткенин белгиледи. Ошондой эле кармалгандар тууралуу полициядан маалымат сурашканын, бирок ички иштер органдары эч кандай комментарий бербей жатканын кошумчалашты.

Маалыматка ылайык, 4-январда Нур-Султандын кеминде төрт жеринде нааразылыкка чыккандар топтолду. Полиция күндүз да ондогон адамды кармаган. Кечке жуук эң көп киши Артем базарынынын айланасына чогулган. Учурда бул райондо дагы деле нааразылыкка чыккандар жүрөт.

Казак баш калаасындагы шейшембидеги акцияларда Жаңы-Өзөндөгү митингдин талаптары гана эмес, кымбатчылыкка каршы жана саясий мүнөздөгү чакырыктар да айтылды. Арасында "Чал, кет!" деп ураан чакыргандар болду.

Казакстандын Мангыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар бир топ шаарларда өтүп, бийликтин отставкасын, жашоо-шартты жакшыртуу жана башка талаптар айтылууда.

4-январдын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырды. Ал жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин эскертти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...