Кыргызстанда расмий түрдө 78 миң жумушсуз жарандар бар

Кыргызстанда жумушсуз деп мамлекеттик органдардын каттоосунда тургандардын саны 103,3 миң адамга жетти. Бул сандар 2021-жылдын 1-декабрына карата көрсөткүч, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4% пайызга көп. Алардын ичинен каттоого алынган жумушсуздардын саны — 78,7 адам же 0,2%га жогору.
Каттоодогу жумушсуз жарандардын саны (2021-жылдын 1-декабрына карата):
Жалпы саны | % менен | ||
мурунку жыл | мурунку ай | ||
Кыргыз Республикасы | 78 707 | 100,2 | 99,6 |
Баткен облусу | 10 313 | 101,5 | 100,0 |
Жалал-Абад облусу | 22 626 | 96,8 | 100,5 |
Ысык-Көл облусу | 4 418 | 98,1 | 99,3 |
Нарын облусу | 2 834 | 97,6 | 97,3 |
Ош облусу | 19 991 | 97,0 | 100,4 |
Талас облусу | 3 167 | 99,7 | 99,3 |
Чүй облусу | 5 643 | 118,5 | 99,1 |
Бишкек шаары | 6 348 | 105,3 | 93,9 |
Ош шаары | 3 367 | 111,8 | 101,8 |
Комментарийлер