Ош облусунда жаңы аэропорт куруу пландалууда

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына заманбап аэропорт куруу үчүн жер бөлүнгөн. Аэропорттун аймагы Мады, Отуз-Адыр, Нариман айыл өкмөттөрүн камтыйт. Аэропорт куруу 2016-жылы пландалып баштаган.
Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Анарбаевдин берген маалымат боюнча, учурда аталган айыл өкмөттүн башчылары жайыт, үлүш жерлерди бошотуу иштери боюнча иштеп жатат.
«Жогоруда аты аталган айыл өкмөттөрдөн 222 гектар жер аянты караштырылган экен. Негизи бул долбоор 2016-жылы башталган. Анда Бишкектен адистер келип, тик учак менен ошол жерлерди көрүп, анан аталган жерлерге токтолушуптур. Аэропорт курулчу жерде негизинен туман болбошу керек деген нормалары бар болгону үчүн аталган айыл өкмөттөрдөгү жерлерди тандашыптыр. Азыр ал жерлерде элдин үлүш жерлери, жайыт жерлери болуп, аларды бошотуу иштеринин үстүнөн айыл өкмөт башчылар иштеп жатышат», - деди Анарбаев.
Комментарийлер