• Башкы бет
  • "Боорукердик" үйүндөгү 7 адам ооруканага которулду
15:28, 2022-ж., 4-январь

"Боорукердик" үйүндөгү 7 адам ооруканага которулду

"Боорукердик" үйүндөгү 7 адам ооруканага которулду

Ош шаарындагы «Боорукердик» интернат үйүнөн 7 карыя Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылындагы стационарга жаткырылды.

Нариман аймактык ооруканасынын башчысы Арстан Жолдошев билдиргендей, учурда алардын абалы канааттандырарлык.

«1-январь күнү карыялар үйүнөн бир адам, анын эртеси ошол кишиге жакын жүргөн 6 адам жаткырылды. 60-70 жаштагы үч адам, 70-80 жаштагы төрт адам дарыланууда. Өнөкөт ооруларына жараша дарыланып жатышат», - дейт А.Жолдошев.

Ал эми «Боорукердик» интернат үйүнүн башчысы Бермет Токтосунова карыялардын абалы жакшы экенин, дене табы көтөрүлбөгөнүн, коронавирус башкаларга жукпашы үчүн алар ооруканага жаткырылганын айтты.

«Карыялар үйүндө 26 карыя болсо, былтыр пандемияда эч кимди киргизбей, чыгарбай кармап отуруп, бирин да ооруткан эмесмин. Эки ай мурда интернат үйгө бир абышка келген, ошондон коронавирус аныкталып калды. Ал вакцина да албаптыр. Ал эч кимге баш ийбей таңга маал сыртка чыгып кеткен. Тартипке баш ийбей жатканын айтсак, президентке чейин арызданат. Акыры ооруп, башкаларга да жуктурду. Жаткырылгандардын эч биринде коронавирустун симптомдору жок. Профилактика үчүн эле өзүм алып барып, жаткырдым», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...