• Башкы бет
  • «Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштады
15:19, 2022-ж., 4-январь

«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштады

«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштады

«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен Кумтөр кенине байланышкан талаш-тартыш жана 2021-жылдын май айында киргизилген тышкы башкаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын тастыктады.

Компания Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүп берүүдө төмөнкү талаптар коюларын белгиледи:

- «Кыргызалтын» ААК ээлик кылган «Центарранын» 26,1% жөнөкөй акциясы «Центеррага» өткөрүлүп берилиши керек. Андан кийин «Центерра» бул акцияларды жараксыз деп табат;

- КР «Центерранын» 2 кыргыз ишканасына жана Кумтөр кенине толугу менен жоопкерчилик алат;

- «Центеррага» 3 дивиденддин таза баасына тете акча төлөнүп берилиши керек;

- «Центерранын» директорлор кеңешинин курамынан «Кыргызалтын» ААКтын 2 адамын отставкага кетирүү;

- Эки тараптын бардык доо-талаптары толугу менен жоюлуп, бардык соттук териштирүү иштерин токтотуу;

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...