• Башкы бет
  • Ысык-Көл облусунда окуучулар сабалып, эки окуучу ооруканага түштү
12:25, 2022-ж., 3-январь

Ысык-Көл облусунда окуучулар сабалып, эки окуучу ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунда окуучулар сабалып, эки окуучу ооруканага түштү

Ак-Суу районундагы Тепке айылында мектеп окуучулары сабалып, эки бала ооруканага түштү. Бул тууралуу айылдын Ден соолук комитетинин мүчөлөрү кабарлашканын бир катар ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 1-январга караган түнү болгон. Жергиликтүүлөр коңшу Курбу айылынан келген ондон ашык бала 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алып, травматикалык курал колдонушканын айтышууда. Окуучулардын биринин колу сынып, дагы бири мээси чайкалып ооруканага түшкөн.

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров  жапырт мушташ болгонун ырастады. Анын айтымында, учурда окуяны райондук милиция териштирип, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Курбу айылынан келген балдар мектеп окуучуларыбы же жокпу, азырынча белгисиз. Милиция комментарий бере элек.

Окуя боюнча Тепке айылында жергиликтүү тургундар 3-январда чогулуш өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...