12:23, 2022-ж., 3-январь
Жаңы жыл түнү Ош облусунда канча бала төрөлдү?

Ош обустук төрөт үйүндө акыркы бир сутка ичинде 30 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу аталган төрөткананын башкы дарыгери Асылкан Асанова билдирди.
Анын айтымында, 1-январга караган мүнөттөрдө эки наристе төрөлгөн. Ал эми саат 24:00дөн баштап таңкы 8:00гө чейин жалпы 9 эне көз жарды.
Ал эми Ош шаарыдык төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, акыркы бир суткада жалпы 21 төрөт катталды. Саат 24:00дөн таңкы саат 8:00гө чейин 7 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын төртөө кыз, үчөө уул балдар.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:02
Кечээ
15:04
-ж., 25-март
14:53
-ж., 25-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер