12:18, 2022-ж., 3-январь
Таласта аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын бөгөт коюу чарасы калтырылды

Таласта аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адамдын бөгөт коюу чарасы камакта калтырылды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
«Тергөө амалдары болуп жаткан учурда ал Талас шаардык соту тарабынан 2 ай камакта калтырылды. Камакка алынган А.Ж. учурда Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан», - деп айтылат маалыматта.
Күбөлөрдүн айтымында өлгөн келин, 31-декабрь күнү Талас шаарында күйөөсүнүн үйүндө жерге берилген.
Буга чейин келиндин жансыз денеси табылганы кабарланган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер