Президент Садыр Жапаров "Кумтөр" кенине барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-январда "Кумтөр" алтын кенине барып, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын ("КГК") ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өлкө башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү, деп билдирди басма сөз кызматы. Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты. Анын түбүндө мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгону айтылган. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.
Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди. Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.
"Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров.
Комментарийлер