15:36
Кечээ
Кыргызстандын президенти маянасынын өлчөмү боюнча дүйнөдөгү 150 мамлекеттин ичинен 130-орунда турат. Бул тууралуу маалымат "Гравитация" ютуб каналынын 150 өлкөнүн президенттеринин маянасы тууралуу жасаган материалында көрсөтүлгөн.
Аталган ютуб канал дүйнөнүн 150 өлкөсүнүн президенттеринин маяналары тууралуу рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын президентти 130-орунда экени көрсөтүлгөн. Коңшу Кытай мамлекети 127-орунда, Казакстан 128-орунду камсыздаган.
Орто Азиянын башка өлкөлөрү- Өзбекстан 136-орунду, Тажикстан 140-орунду, Түркмөнстан 143-орунду ээлеген.
"Гравитация" каналы дүйнөнүн ар түрдүү мамлекеттери боюнча түрдүү рейтингдерди кооз жасалгалоо менен жарыялап келет.
Комментарийлер