• Башкы бет
  • Бир батирдин акчасына сатылган кочкорлор. "Арашан" тукумундагы кочкорлор эмнеси менен баалуу?
13:47, 2021-ж., 30-декабрь

Бир батирдин акчасына сатылган кочкорлор. "Арашан" тукумундагы кочкорлор эмнеси менен баалуу?

Бир батирдин акчасына сатылган кочкорлор. "Арашан" тукумундагы кочкорлор эмнеси менен баалуу?

Өтүп бара жаткан 2021-жыл «Арашан» породасындагы койлорду баккан фермерлер үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Себеби, эт жана май багытындагы порода Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан катталып, бир нерче жармеңкелер жана көргөзмөлөр уюштурулду.

Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

2021-жылы эң кымбат бааланган жана эң кымбат сатылган «Арашан» породасындагы койлор боюнча материалдарды топтоду.

Эске салсак, казактарга чоӊ кочкорлор 35 миӊ долларга сатылганы, Канттын тургуну «Фокс» аттуу кочкорун50 миң долларга сатуудан баш тартканы жазылган. Фермерлер бул каражатка Бишкектен бир же эки бөлмөлүү жакшы батир келерин болжолдоп келишет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...