Жалал-Абадда 18 жаштагы кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда

2003-жылы туулган Абдукаримова Лаура Курсантбековна изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, Лаура Абдукаримова Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ал ушул жылы 30-ноябрда саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Бишкек—Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, «азыр келем» деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы-көзү кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү кыска куртка, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийим.
Учурда 18 жаштагы Лауранын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Ал тууралуу маалыматы барлар 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0777 80-65-68 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.
Комментарийлер