• Башкы бет
  • Журналист Улукбек Карыбек уулу вице-мэрдин арызынан кийин кармалды
13:44, 2021-ж., 30-декабрь

Журналист Улукбек Карыбек уулу вице-мэрдин арызынан кийин кармалды

Журналист Улукбек Карыбек уулу вице-мэрдин арызынан кийин кармалды

Журналист Улукбек Карыбек уулу Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун арызынын негизинде кармалганын «Эл үмүтү» партиясынын төрагасы Алмаз уулу Аскар социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, журналист борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардагы коррупциялык схемаларды иликтеп, бардык жагдайларды тактоо үчүн унаа токтоочу жайдын кызматкерлери менен вице-мэрге барган.

«Алар мэрге барышканда, Карыбек уулу телефонуна видеого тартып баштаган, ошол маалда вице-мэр телефонду алууга аракет кылып, видеого тартууга уруксат бербей койгон. Андан кийин Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазган», - дейт Алмаз уулу Аскар.

Анын айтымында, вице-мэр журналистке каршы арыз жазгандан кийин, Карыбек уулу камакка алынган.

«Андан кийин Карыбек уулуна чакыруу кагазы берилип, РИИБге, шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынбай туруп Ленин райондук сотуна алынып келинди. Биз прокурор менен судьяны күтүп турганда, ага карата кылмыш ишин козгоого же административдик жаза колдонууга эч кандай негиз жок экенин айтышып, бошотушту», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...