• Башкы бет
  • Талант Мамытов спикер болуп шайланды
13:42, 2021-ж., 30-декабрь

Талант Мамытов спикер болуп шайланды

Талант Мамытов спикер болуп шайланды

Кечээ, 29-декабрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды.

Добуш берүү жашыруун жүргүзүлгөн.

Шайлоонун алдында 87 депутат каттоодон өткөн. Алардын ичинен 63 депутат Мамытовду колдосо, 10 депутат Адахан Мадумаровго добуш берди. 14 депутат «баарына каршы» болду.

Парламент спикери кызматына Талант Мамытов жана Адахан Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн болчу.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант берип, күбөлүк жана төш белгилерин алышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...