• Башкы бет
  • Маданият министри Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгисин тапшырды
13:39, 2021-ж., 30-декабрь

Маданият министри Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгисин тапшырды

Маданият министри Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгисин тапшырды

Кыргызстандын спортчу, мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча 6 жолку дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине барды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аны министр Азамат Жаманкулов тосуп алды.

Министр Азамат Жаманкулов Валентина Шевченкого Кыргызстанга келиши менен куттуктап, Кыргызстандын мекенчил кызы катары эл сыймыктана тургандыгына токтолуп, жалпы кыргызстандыктар анын ар бир таймашын чыдамсыздык менен күтүп, бир дем менен көрүшөөрүн кошумчалады.

Ал эми, Валентина Шевченко, өз кезегинде министр Азамат Жаманкуловго жана жалпы Министрликтин курмында эмгектенген кызматкерлерге мындай жылуу маанай менен тосуп алганына ыраазычылык жана өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Ал ар качан алыста болсо да Кыргызстанды сагынып, анын кооз жаратылышы, меймандос эли менен сыймыктана тургандыгын айтты.

Валентина Шевченко ошондой эле, ал өзү спорт чебери гана эмес, маданияттын да өкүлү экендигин айтып өттү. Ал Бишкек шаарынан Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчүсү экенинин кошумчалап, маданият тармагы ага жат эмес экенин , кыргыздын улуттук маданияты ага жакын жана аны сыйлай турганын маалымдады.

Жолугушуунун алкагында Валентина Шевченкого арналып тигилген чапанды «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун саймачысы Көкөева Толсун кийгизди. Ошондой эле мушкерге «Спорттун отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Министр менен жолугушууга Валентинанын апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов да катышты.

Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. UFC (Ultimate Fighting Championship) чемпионатында аялдардын эң жеңил салмак категориясындагы чемпиону (09.12.2018). Каймана аты — Bullet. UFCнин расмий рейтингинде аялдардын салмагына карабастан мыкты мушкерлердин арасында 1-орунда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...