11:42, 2021-ж., 30-декабрь

Жогорку Кеңештин сунушталган түзүмү

Жогорку Кеңештин сунушталган түзүмү

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен 29-декабрда түзүлгөн комиссия 7 профилдик комитет түзүүнү сунуштады.

АКИpress агенттигине маалым болгондой, төмөнкү комитеттерди түзүү сунушталууда:

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;

- Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;

- Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;

- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.

Бүгүн, 30-декабрда парламент депутаттары комиссиянын бул сунушун карайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...