• Башкы бет
  • "Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
10:19, 2021-ж., 29-декабрь

"Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

"Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кечээ, 28-декабрда Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган "Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, конкурстун жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты.

Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада 22 номинация боюнча ар тармактын мыктылары тандалды. Жеңүүчүлөргө статуэтка жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...