• Башкы бет
  • Баткенде мектеп директору каза болду
10:17, 2021-ж., 29-декабрь

Баткенде мектеп директору каза болду

Баткенде мектеп директору каза болду

Баткен районунда мектептин директору бычактан алган жаракатынан улам каза болду.

Буга чейин Баткен ОИИБ 25-декабрда саат 22:45 чамасында Баткен районунун Бөжөй айылында жергиликтүү тургун оор жаракат алганын кабарланган. Айылдын 43 жаштагы Т.К. аттуу тургуну денесинен жаракат алып, Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Милиция кызматкерлери ал курч буюм менен ичине, жонуна жаракат алганын аныкташкан. Бул факт денеге атайын оор залал келтирүү беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жабырлануучу мектептин директору болуп чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда, ал тойдо жүргөн. Андан кийин кесиптешине жолугушууга барган. Ал жакта кесиптешинин иниси менен чыр чыгып, ага бычак сайылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...