14:08
-ж., 29-февраль
Жалал-Абад шаарындагы мушташ боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бүгүн «Репортер» сайтына «Жалал-Абад шаарында мушташ болду, ал эми ошол жерге жакын аралыкта милициянын унаасы турат» деген маалымат чыккан. Бул видео боюнча текшерүү иштери башталган. Окуя 27-декабрь күнү болуп, жабыр тартып ооруканага же милициягы арыз менен кайрылгандар болбогондугу такталган. Учурда мушташка тиешеси бар адамдарды жана окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча текшерүү иштери улантылууда.
Ал эми милициянын дарегине айтылган сын пикир боюнча Жалал-Абад ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
Комментарийлер