• Башкы бет
  • Кара-Сууда асынып каза болду делген келиндин атасы соттун чечимине нааразы
10:13, 2021-ж., 29-декабрь

Кара-Сууда асынып каза болду делген келиндин атасы соттун чечимине нааразы

Кара-Сууда асынып каза болду делген келиндин атасы соттун чечимине нааразы

Асынып каза болду делген келиндин атасы соттордун өкүмүнө нааразы болуп, президентке кайрылды.

2019-жылдын апрель айында өз үйүндө асынып каза болду делген келиндин ата-энеси жана жакындары сотторго нааразы болуп, бүгүн, 28-декабрь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушту. Алар Кара-Суу райондук соту жана Ош облустук соту күйөө баласына аз мөөнөттө жаза чектегенине нааразы болушту.

Маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаевдин айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кызы сабалганы маалым болуп турса да, сот адилеттүү чечим чыгарган жок.

«Мен дыйканчылык кылып жашайм. 11 жашымдан жетим калып, окуган эмесмин. Кой багып чоңойгон баламын. Ошондуктан мындай нерселерди жакшы билбей, уттуруп жатабыз. Эгер билимдүү болгондо, ушундай иштерге жол бербейт болчумун. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Бир эмес, 3 экспертизанын жыйынтыгы бар. Кара куш мээге урган, дагы башка жерине урганы боюнча экспертизада айтылган. Ошого карабастан райондук сот, облустук сот туура эмес, адилетсиз чечим чыгарды. Менин акыркы үмүтүм Садыр Нуркожоевичте калды. Урматтуу президент, биздин ишти адилеттүү карап бериңиздер», - деди К.Юсупбаев.

Ал эми Кылычбек Юсупбаевдин бир тууган эжеси Турду Юсупбаева маркум келиндин денесин жуу жөрөлгөсүндө катышкан. Ошол убакта анын денесинде көк ала тактар байкалганын айтат.

«Кыздын денесин алып барганда, мен бар элем. Бешенесинде буттун изи бар эле. Чачтарынын арасында да көк ала тактар бар болчу. Эч ким унчукпаганынан улам мен да унчукпай, ошо кезде тополоң кылып, шерменде болбоюн деп кала бергем. Башынын артын кармасам жумшак болуп калыптыр. Эмне үчүн мындай жумшак деп таң калып койдум эле. Көп жеринде көк ала тактар бар эле. Бир колу артка кайрылган боюнча түз болбой калыптыр», - деди Т.Юсупбаева.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдиргендей, Жазык кодексинин 136-беренесинин 3-бөлүгү («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен айыпталуучу Султангазы Арыстанбековдун иши Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынып, 2021-жылдын 30-июнунда өкүм чыккан. Ал өкүм менен айыпталуучу Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү («Этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү») менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 8-майындагы №53 сандуу “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс” жөнүндө мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-4-пункттарынын негизинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынан бошотулган. Аталган өкүм менен макул болбогон жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган.

Ош облустук сотунун 2021-жылдын 14-декабрындагы өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 30-июндагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

2021-жылдын 27-декабрында Жогорку сотко жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү даттануу жазган», - деди Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...