Баткендеги кырсыктан улам 2 адам каза болду

Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен адам өмүрү кыйылды.
ӨКМдин башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсык 24-декабрда Ош—Баткен—Исфана жолунун 126-чакырымында болгон. «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа Кадамжай шаарынын Аңкүрсай сайында жайгашкан көпүрөдө жол кырсыкка учураган. Унаанын ичинде эки эркек киши бара жаткан.
Кырсык болгон жерге саат 20:28де атайын унаа менен 3 куткаруучу барып, тез жардам кызматы жаракат алган адамды — Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 1967-жылы туулган тургуну Э.К.ны тез жардам кызматы алып кеткен. Ал эми унаадагы экинчи адам окуя болгон жерде көз жумган. Ал Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 1970-жылы туулган тургуну К.С.Т. болгон. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Комментарийлер