• Башкы бет
  • Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери чек арадагы акыркы окуялар боюнча сүйлөштү
13:53, 2021-ж., 28-декабрь

Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери чек арадагы акыркы окуялар боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери чек арадагы акыркы окуялар боюнча сүйлөштү

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзода жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү, жаңы жылда чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча макулдашты.

«Чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бара жаткан автоунааларга таш ыргыткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция кызматкерлери чогуу аракеттене турган болду», - деди аким.

Учурда Баткен районунун аймагында абал тынч.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...