• Башкы бет
  • Жалал-Абад шаардык соту сойкукана иштетүү үчүн көмүскө жай уюштурган жаран соттолду
13:48, 2021-ж., 28-декабрь

Жалал-Абад шаардык соту сойкукана иштетүү үчүн көмүскө жай уюштурган жаран соттолду

Жалал-Абад шаардык соту сойкукана иштетүү үчүн көмүскө жай уюштурган жаран соттолду

Жалал-Абад шаардык соту сойкукана иштетүү үчүн көмүскө жай уюштурууга айыпталган Аббостун (аты өзгөртүлдү) ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 9-декабрында кабыл алынды.

Ал 1993-жылы Сузак районунда туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес.

Тергөө амалдарынын маалыматына караганда, Аббос Жалал-Абад шаарында сойкукана иштетүү үчүн көмүскө жай уюштуруп, сутенёрдук кылып келген. 2021-жылдын 6-июлунда саат 23:50 чамасында кол алдында иштеген эки келинди келген кардарларга бир саатына 900 сомдон баалаган. Бул акчалар көмүскө жайга тинтүү жүргүзүү учурунда администратордун бөлмөсүндөгү сейфтен далил буюм катары алынган.

Сотто айыпкер Аббос күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, буларды көрсөттү: Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан имаратты атасы 2015-жылы 65 000 долларга сатып алган. Атасы каза болгондон кийин ал жайды сауна кылып иштетип жүргөн. Кыздар ошол жерде жатканы үчүн суткасына 200 сомдон төлөп келишкен. Мындан тышкары, ал кыздар жыныстык катнаш боло турган бөлмө үчүн бир саатына 350 сом, жарым саатка 250 сом төлөп, анын 50 сому администраторго берилчү. Бул каражатка ошол жердеги тазалык каралып, саунада 3 келин иштеп келген. Алар: «сойкулук менен алектенип, акча табабыз» деп өздөрү келген.

2021-жылдын 6-июлунда саат 00:30 чамасында айыпталуучуга администратор телефон чалып, милиция кызматкерлери текшерип жатканын айткан.

Аббостун айтымында, дептердеги кыздардын көбүн тааныбайт. Себеби бул жайга келип-кетип тургандыктан, ал жокто башка кыздар да келиши мүмкүн.

Айыпкер кылган ишине тереӊѳкүнүп жатканын, мындан ары мындай ишке барбай турганын айтып, айып жазасын колдонууну суранды.

Аббос Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бѳлүмү (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен күнѳѳлүү деп табылып, 50 000 сом айып салынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...