13:44, 2021-ж., 28-декабрь

Жанар Акаевге мандат берилмей болду

Жанар Акаевге мандат берилмей болду

Жогорку сот «Альянс» саясий партиясынын ишин карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арызданган «Альянс» партиясынын өтүнүчүн канааттандырган.

Тактап айтканда, БШКнын 15-декабрдагы «Альянс» партиясынын 3 депутаттык мандаты аял талапкерлерге берилсин деген токтому, ошондой эле Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаты деп тааныган чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыккан болчу.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында «Альянс» партиясы 7 депутаттык мандат алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...