• Башкы бет
  • "Кадастар" мекмесинин башчысы кармалды
14:16, 2021-ж., 27-декабрь

"Кадастар" мекмесинин башчысы кармалды

"Кадастар" мекмесинин башчысы  кармалды

Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалды.

УКМК билдиргендей, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

Т.Б.нын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилге негиз боло турган документтер табылган.

Буга чейин ушул окуяга байланыштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу районундагы филиалынын мурдагы жетекчилери Б.Б жана Ш.С., Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы И.Г., Нариман айыл аймагынын башчысы Н.Х. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл районундагы филиалынын убактылуу башсысы А.М.Ж. кармалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...