• Башкы бет
  • Ноокатта үй өрттөнүп, 4 адам каза болду
14:15, 2021-ж., 27-декабрь

Ноокатта үй өрттөнүп, 4 адам каза болду

Ноокатта үй өрттөнүп, 4 адам каза болду

Бүгүн, 27-декабрда Ноокат районунун Көк-Жар айылында үй өрттөнүп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө 2 бөлүм тартылган. Жалын саат 09:28де чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 2 аял жана 2 жаш бала көз жумду.

Ал эми Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев окуя болгонун тастыктап, буларга токтолду.

«Эртең менен таңкы саат 06:00 чамасында 1956-жылы туулган аял киши мешке от жагып коюп, кайра жатып алган. От катуу тутанып, килемге түшүп, килемден өрт тутанган. Үйдө эки кызы, эки небереси болгон. Өрттүн кесепетинен аталган аял өзү, 1982-жылы туулган кызы Ж.А. жана неберелери — 2009-жылы туулган Ж.С. (эркек бала), 2019-жылы туулган Х.М. (эркек бала) каза болду. Ал эми 1980-жылы туулган кызы Ж.Г. куткарылып, ооруканага жеткирилди», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...